2020-12-0216:17

Чимкириктер чимкирип салды

2020-10-23 10:06 232

Чимкириктер чимкирип салды. Алар өлкөнү башкарып жаткан баш мыйзамга баш багып баш ийип да койбойт. Ким бийликке келип билегин көрсөтсө, 120 депутат-чимкириктер ошонун көрсөтмөсү менен болот. Бул сөздүн автору Атамбаев айткандай, мурдуңду тарт десе, чимкиригин тартып калышат. Андай команда болбосо, чимкириктерин коюулатып жүрө бергидей. Жакында, дагы чимкирик экендигин өздөрү далилдешип, мыйзамдан четтеп, жайга чейин 2021-жылдын июнь айына чейин, өздөрүнүн мандаттыгын узартып алганга кол көтөрүп  беришти. Баш мыйзам буга жол бербейт. Мыйзам боюнча чимкирик аталган депутаттардын мөөнөтү ушул айдын октябрдын 28инде токтойт. Буга ылайык БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген. Өлкөнүн жетекчилиги президенттик шайлоо БШКнын чечими менен 2021-жылдын  10-январынан 20-январына чейин белгиленет.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү