2020-12-0215:14

Өлкөдө нан кымбаттады

2020-10-23 12:06 844

Өлкөдө нан кымбаттады. Учурда күз келип, оруп-жыйноо жыйналганы менен азык-түлүктүн баасы асман чапчып барат. Нанга болгон баа 5 сомдон-10сомго чейин көтөрүлсө, майга болгон баа 30 сомдон 50 сомго чейин көтөрүлгөн. Баанын көтөрүлгөнү учурда өлкөдө экономикалык кризис менен түшүндүрүлсө, кээбири сомго доллардын көтөрүлгөнү менен айтып келишет. Ошондой эле Казакстандан келген ундун баасы да тездик менен өскөн. Элдин нааразычылыгы, сатуучулар өз каалагандай бааны коюп, Кыргызстанда антипонополия көзөмөлдөө кызматы иштебей жаткан кулак-кагыш кылышат. Ал эми жогорку жактагылар, кардарлар менен эмес кадр алмашуу менен алек болуп жатат. Качан аткаминерлер эл, экономика менен иш алып барышат? Бул жагы калктын суроосун жаратты.  Тезирээк кымбаттоонун үстүндө иштебесе үстөк артып ачарчылык күтүп турганынан кабар берет.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү