2020-12-0216:07

В.Путин кыргыз элине кайгырды

2020-10-23 13:08 750

В.Путин кыргыз элине кайгырды. Башынан башчыларынын кесепетинен үч революцияны башынан өткөргөн кыргыз элинин бүгүнкү кырдаалына көңүл бөлүп, көңүлү түшкөнүн айтып чыкты. Учурда Кыргызстан өлкөсү Орто Азия өлкөлөрүнүн арасынан эң жакыр өлкө экени таанылды. Оруссия Президенти Владимир Путиндин билдирүүсүндө Россия өлкөсү Кыргызстан өлкөсүнүн бутуна туруп кетишине бир топ эбегейсиз жардамдарды берген, бирок бутуна тура албай чалынып жыгыла беришкен. Учурда Россия Кыргызстандын ички саясатына киришпей турганын билдирип, эртерээк мыйзам талаасына  кирип, кырдаалдан бат чыгып кетүүнү күтөт. Айта кетсек, азыркы тапта, Россия каржылык карым-катнашты азырынча токтотуп турат. Ошодой эле аталган ири өлкөдө Кыргызстандан миллиондогон мигранттар иштеп үй-бүлөсүн багып келишет. Владимир Путин Кыргызстанга акыркы жолу эле 500 млн доллар жардам бергенин эскертип өттү.  


автор: Баян

Бөлүшүү