2020-12-0215:03

Баш мыйзамга баш ийели

2020-10-26 09:11 285

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Мен сизге Кыргызстан өлкөбүздүн жараны катары жарандык катымды жазып жатам. Өлкөбүздүн атуулу болгондуктан өлкөдө болуп жаткан кырдаалга кайдыгер карай албайм. Антүүгө менин Кудай талаам берген жан дүйнөм жанымды жөн койбой, жол бербейт. Сизди көпчүлүк адамдар колдоп жаткандан кийин, өзүм билемдике салып көөп кетпеңизди өтүнөм! Кырда турган Кыргызстаныбызды кырлатпай ашуудан ашырып кетсе экен деп тилек кылам. Тилегим орундалсын! Ымыркай жаңы төрөлгөн периштеден баштап, башынан көп нерсени кечирген сиз баштап баш мыйзамга баш ийебиз. Бул жекеле биздин өлкөдө гана эмес бардык өлкөдө талап-тануусу ушундай. Ошондуктан сизди баш мыйзамга баш ийип, анын жолунан жолуңузду   адаштырбаңыз! Адашпайлы. Баарыбыздын жаныбыздагы адам бизге жакын. Аны жакындатып жаныбызга алып жүрөбүз. Бирок, түшүнүктөрүбүз, мүнөздөрүбүз башка. Алган билим деңгээлибиз да түрдүү, ар кандай тепкичте, басканыбыз да баскычка жараша. Андыктан кандай күчтөр болбосун, көңүлүңүздү бош коюп, адам азгырыгына  азгырылбаңыз! Кандай болгон күндө да, күндүн кандай экенине карабай баш мыйзамдуулукту сактаңыз. Ичи койнуңузга кирген кошоматчылардан алыс болуңуз! Чимкириктер деп атагы алыска тараган азыркынын депутаттарын  28-октябрда бүткөн мөөнөттөрүнө жараша аларды бүттү кылыңыз. Шайлоо өз убагында бекитилген күндө өткөрүңүз. Сизди жолдон адаштырабыз дегендер чимкириктердин катарында отурат. Алар сиз деген менен кийин “биз”-деген команданы күтүп, командаларга биригип, командирин күтүп жатышат! Этият болуңуз! Мен өлкөмө кайдыгер карабайм, дагы кайрылам! 


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү