2020-12-0215:56

С.Жээнбековдун бийлигинде “Үмүт” өлдү

2020-10-26 10:36 467

С.Жээнбековдун бийлигинде “Үмүт” өлдү. Ок атканга уруксат берген жокмун деп, жанын жеген Сооронбай Жээнбеков жанын жеп канчалык калкты сооротпосун, 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүттүн жаны окко учту. Эгер өлкө башчы буйрук бербесе, жанагы жардыруудагы окторду ким атты, гранаталарды ким жардырды? Канчалаган кыргыздын кырчындай жигиттери  көздөрүнөн ажырады, колдорун кестирип мунжу болду. Үмүт, Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен атылды. Үмүттү  атып өлтүргөнү үчүн, ошол күнү ошол операциянын башында турган полковник Алмаз Орозалиевге кетип бара жатып “генерал”-деген чоң чинди, званияны ыйгарды. Ачуу чындыкта, көр кылганы, колдорун кестиргени, Үмүттү атып өлтүргөн үчүн полковник Сооронбай Жээнбековдун колунан “генералдыкты”-алды. Генерал генералдыгын майлап жатты. Мына “Сокенин жакшылыгы, ыймандыгы”. Алтынбек уулу Үмүт бирөөнүн чечекей жалгыз баласы болгон. Ата-энеси жалгыздыгынан да айрылып отурат. Муну экс Президент менен генералдыкты жаңы алган генерал кандай сезимде болду экен.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү