2020-12-0214:39

Эл эмне дейт

2020-10-26 12:03 414

Эл эмне дейт. Ушул кепти кулагына илбеген чиновниктердин жүзү отуз жылды көрсөтүп келе жатат. Бүгүн дагы кечекисинен кайтпаган, бүгүнкү көрүнүш. Аны  көрүп деле, билип деле келе жатабыз. Болгондо да, бул кеп эгемендүүлүктөн бери өлкө башчыларынын кулагына кирбей койду. Акаеви, Бакиеви, Атамбаеви, Жээнбекову, Жапарову деле ошол. Окшоштугу коёндой окшош. Кадр маселеси кайра эле кайталанмай. Азыркы тапта, бир кездеги Бакиевдин Бөлтүрүктөрү, Карышкыр болгодой бурчтан чыга калышты. Андан алыс болуп, Садыр Жапаровду колдойун десең, баягы Бакыт Сыдыков, Н.Тюлеев, К.Ташиев, Т.Зулпиев, Зулушов, А.Жапаровдор өлкө кадрлары болуп кайра кайтып келди. Элдин сөзүндө “Бакиевчилер” келди болду. Кичине  өзгөртөлү деген көз караштары жоктой. Баягылар  болсо баягысын кылат деген ой дагы жок. Ишти баштабай туруп, адатка салып, баш “баш мыйзамга” кол салуу. В.Путин айткандай, “Кыргыз эли шорлуу”-экенбиз.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү