2020-12-0215:30

Тажрыйбасыз жаштар революцияны алдырып жиберди

2020-10-26 12:39 513

Тажрыйбасыз жаштар революцияны алдырып жиберди. Жаштар жаштык кылды. Алардын тажрыйбасы жок экенин ушундан билсек болот, ак үйдү алганы менен, аны алдырып жиберишти. Учурда бир кездеги үчүнчү күч дегендер күчкө келип, күүсү менен ак үйдү алышты. Буга жаштар жол  ачып берди. Жаштардын Жанар Акаеви деле жол көрсөтүп кете алган жок. Кылчактап бир Текебаевди, бир Бабановду карап жатып, карайлап калды.  Эмне үчүн тажрыйба керек? Тилек Токтогазиев министрликти көздөп туруп алды. Элвира Сурабалдиева аялдыгына салып, сөздү көбөйтүп туруп алгандай. Аларга караганда абактагы Садыр Жапаров жолун таап, ээрге минип алды. Анын ээр токулгасын даярдаган Камчы Ташиев болду. Достор кетип достор келди!


автор: Баян

Бөлүшүү