2020-12-0215:08

Абактан Ак үйгө карай жол

2020-10-29 09:04 213

Абактан Ак үйгө карай жол. Сабырдуулуктун түбү сары алтынды Садыр Жапаров жалпы жумурай журтка көрсөттү. Ким билиптир, Сооронбай Жээнбеков абактагы адамга ордун бошотуп, ырыскысын, ооматтын тартырып, саргайып отуруп калаарын. Эми, Сокени сооротор бир жан жок. Жанталашкан кошоматчылары өзүн жалгыз таштап, артын карабай качып кетишти. Камакка камап, бир кезде Садыр Жапаровга кыянаттык кылгандар, өздөрү ал отурган сыс жерде сыздап отурат. Оомал-төкмөл дүйнө. Турмуш  айланпасы айланып жүрө берет экен. Жер тоголок, аны огу кандай айланса, айлангөчөк заманы көчүп жүрө берет. Өзгөчө саясатта ушундай боло берет. Саясатчы ууру болсо да саясатчы, түрмөдө жатса да саясатчы. Саясаттын оюндары оюнчук эмес. Эми Садыр Жапаровдун дагы бир кадамдары. Президенттик милдетин өткөрүп берип, эл добушу менен өлкө башчысын жоопкерчилигин алган турат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү