2020-12-0216:01

Адамга адам жакпайт

2020-10-30 09:01 233

Адамга адам жакпайт.  ОО Адам! Деги сен эмне деген адамсың! Адам болуп көрүнгөнүң менен адамдай көрүнбөйсүң го. Анан сен Адамсыңбы? Жакшы адамды таппайсың"адамга адам жакпайт". Биринчиден бийликте турган адамды жакшы деп мактайбыз. Өзгөчө өзгөчөлөнтүп кошоматчылары, жугундукорлору чаң жугузпайт. Аларга ишенип аны жакшы десең, кызматтан кетери менен баягылар аны жамандап башканы жакшы деп жүрүшөт. Кошоматчыларың кокуй турбайбы, кимден тамак ашса ошолор менен табакташып жүрө бергендери жаман экен. Адамга адам жакпайт. Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба. Молдо дагы жаман. Биз жашап жаткан дүйнөнүн жалганын жалгап, тиги чын дүйнөгө чыйыр жол салып келет. Бара элек дүйнөсүн баргандай сүйлөп жар салат. Ал жакта чындык бар дейт. Бирок өзүнүн баргысы келбейт. Жөнөкөй адам жөнөкөй ой жүргүзөт. Көмүп салса аякты кайдан көрөсүң дейт. Адамга адам жакпайт. Ыр жазгандарын баары эле жакшы адам эмес. Ал жазган эмоция,кайгы, күлкү, сүйүү, кубаныч бардык адамдарда болот. Жан дүйнөнү козгогондордун баары эле жакшы жан эмес. Жан кыйналгандагы кеп-сөздөр баарында бар. Чыгарма жазгандар чыгаан боло бербейт. Аны кабыл алгандар бар. Жазганыңдын жарыгы-караңгысы болот. Ал түшүнүккө жараша. Адамга адам жакпайт. Илимдин ачкычын ачкандар адамдын ачкычын ача элек. Анын денесин иликтегени менен мүнөзүн иликтей албайт. Жүрөктөрү окшош болгону менен сезимдери ар башка, башкача. Башында айтып келгендей, адамга адам жакпайт. Сүйүү жөнүндө кеп кылсаң, жанында жүргөнүн эмес, жетпей калганын арман кылат. Адамга адам жакпайт. Адамдын ачка турган ашказаны тойгону менен, ач көздүгү тойбойт экен. Боор оорусаң боорго тебет. Көп жардам берсең баскынчыны тарбиялайсың. Адамга адам жакпайт. Жакшыны жамандар жандап, "жаман" аттуу кылат. Акылдууларды, арамзалар айланчыктап акылын уурдайт. Сулууларды бузукулар жолдон бурат. Адамга адам жакпайт. ОО Түрлүү адамдар! Адам түрүн бузбай адамдыкка чакырам! Адам бололу...


автор: Журналист Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү