2020-12-0214:56

Акыркы абалда Кыргызстан коркунучта

2020-10-30 10:10 443

Акыркы абалда Кыргызстан коркунучта. Мындай билдирүү менен “Биримдик” партиясынын талапкери Улугбек Кочкоров интернет желесинен чыгып, элге кайрылды. Анын кайрылуусунда өзүнүн министрлик кызматынан кеткенин билбей, эл сыяктуу эле интернеттен укканын айтып, угармандарын таң калтырган. Ошондой эле бүгүн чет өлкөлүк башчылар, дипломатиялар Кыргызстанды тааныбай жатканына токтолгон. Эгемендүүлүк алгандан бери отуз жылдагы көйгөйлөр, бүгүнкү күнгө келип кептелип калганын кабарлаган. Кыргызстан учурда кооптуу. Экономика жагынан жарандар ыйлап турган акыбалда. Кымбатчылык күндөн-күнгө асман чапчып, эртең эмне болот деген күмөндүү заман келе жатат. Мына ушуларды белгилеп Улугбек Кочкоров кейиген. Кебине караганда президенттик шайлоого аттанат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү