2020-12-0215:51

Жээнбековдор Раимге кылмыш ишин ачкан эмес

2020-10-30 11:17 754

Жээнбековдор Раимге кылмыш ишин ачкан эмес. Жемкорлордун жемин жегендер, табакташ болот. Илгери аталарыбыз жеп жаткан жилигинен чыккан чүкөнү дароо өлчөп, “балам ким менен табакташ”-деп калышаар эле. Эгер таа конуп калса, хандар менен табакташ деп сүйүнүшөөр эле. Анысыңары, азыркы өлкөбүз кичинекей өлкө болгондуктан кимдер-ким менен табакташ экенин заматта билсе болот. Маселен, Раим Матраимов Бажы ишине киргенден баштап хандар менен табакташ болгон. Ошол эле эки дос Атамбаев, Жээнбековдор менен. Себеби, Атамбаевдин убагында Раиммиллион даңкта даңкталган. Ал эми Жээнбековдун мезгилинде, иштен чыгып алып дагы каймана атынан да кайткан эмес. Садыр Жапаров келери менен 2 млрд сомду төлөп берем деди. Демек, Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбековдорго ошол акчаларды өлкөгө төкпөй, чөнтөктөрүнө салып берип турганбы деген шек жаралып келет. Жадаганда, Жээнбековдордун убагында Раимге кылмыш иши ачылган да эмес. Бардык сыр сандыктагы сырлар эми ачыла турган болуп калды.


автор: Баян

Бөлүшүү