2020-12-0215:24

Кымбатчылык кымбаттап баратат

2020-11-05 11:26 199

Кымбатчылык кымбаттап баратат. Күндөн-күнгө азык-түлүккө, нанга болгон баа өсүүдө. Муну менен алектенген бир дагы чиновник жоктой. Чыт курсактар аны карагыдай эмес. Өкмөттүн антимонополиясы иштебей өзүнчө монополия болуп алган. Көчөдө жүргөн селсаяктар ачкадан өлүүдө. Селсаяк болобу, бай болобу алар дагы биздин Кыргызстандын жараны. Элди караган эч ким жоктой. Саясатчылар саясат менен, бийликтер бийлигине шайлоого чуркап жүрүшөт. Кайда барба “Мамайдын көрү” болду. Доллар бүгүн 80ди аттап 90го зымылдап заматта көтөрүлүүдө. Өкмөттүн ушул боюнча тез арада өткөрүлгөн жыйыны деле көрүнбөйт. Дагы эле Россиянын Президенти В.Путин айткандай “шорлуу эл экенбиз”.   


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү