2020-12-0216:16

Дүйнө эли Кыргызстандын бийлигин тааныбай жатат

2020-11-05 12:27 619

Дүйнө эли Кыргызстандын бийлигин тааныбай жатат. Чет өлкөлөрдөн түшчү акча каражыттары өлкөгө келбей калды. Ошондой эле, Кыргызстан өлкөсүнүн стратегиялык өнөктөшү болгон Россия дагы өзүнүн каржылык булагын токтоткон. Европа өлкөлөрүнүн бирикмелеринен келчү 6 млн доллар акча каражаты быйыл эмес, эмки жылы карала турганын билдирген. Муну менен катар, бир нече өлкөлөрдүн саясатчылары, серепчилери бүгүнкү күндө Кыргызстанда туруктуу бийлик жок дешкен. Россиянын госдумасынын депутаты, Либерал партиясынын лидери В.Жириновский “Кыргызстанды түрмөдөн чыккан адам башкарып жатат. Бул бандитизм, жапайычылык”-деген жери бар. Деги дүйнөлүк практикада бийликтеги милдетти аткаруучу менен көп сүйлөшө бербеген жери бар. Ошондуктан Кыргызстан өлкөсү тезирээк шайлоолорду өткөрүп Президентти, Парламентти тактап алуусу шарт. Антпесе, орто жолдо дагы эле эл кыйналып калат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү