2020-12-0215:12

Аткаминерлер орус тилин жерий баштады

2020-11-05 13:02 874

Аткаминерлер орус тилин жерий баштады. Мындай көрүнүш орус тилчи мугалим Сооронбай Жээнбековдун убагында көрүнө баштаган. Өзүнүн үч жылдык Президенттик башкаруусунда бир гана жолу орус тилдүү Россия телеканалына интервью берген. Бир жолкусунда Пушкиндин ырын айта албай уят болгон. Бир дагы жолу түз эфирде эл менен эфир өткөзгөн эмес. Муну менен чолок сүйлөп, сөзгө чоркок экенин Жээнбеков көрсөтүп келген. Учурда Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров орус тилинде сүйлөбөй турганын билгизди. Жакында Садыр Жапаров Россия телеканалынын журналистинин суроосуна жалаң кыргызча жооп берген. Аны орус тилин билбейт деп да кеп чыгарып жиберишти. Өлкөнүн баш прокурору Курманкул Зулушев орус тилдүү журналисттерге кыргызча жооп берерин айткан. Мындай жагдайда Президенттик шайлоо бүтөөрү менен, мүмкүн өлкө расмий тили, орус тили жоюлуп да кетиши мүмкүн.


автор: Баян

Бөлүшүү