2020-12-0216:05

Садыр Жапаров кызматынан кетет

2020-11-11 16:11 452

Садыр Жапаров кызматынан кетет. Жумага жетпей Өлкө башчылыктын милдетин аткарып турган Садыр Жапаров өз милдетин тапшырып, эл добушун алуу үчүн Президенттик шайлоого аттанат. Ал эми өлкө башчылык милдетти мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовга өтөт. Учурда Президентике ат салууга он бештен ашык талапкер катталган. Алардын катарында мурунку спикер, госекретарь Адахан Мадумаров, мурунку Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер, экс губернатор Бектур Асанов, Жогорку соттун судясы болуп келген Клара Сооронкуловалар бар.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү