2020-12-0215:01

С.Жээнбековдун шалаакылыгынан көп адам өлдү

2020-11-11 16:23 903

С.Жээнбековдун шалаакылыгынан көп адам өлдү. Коронавирус апаатынан канчалаган адамдар ажал тапкан. Өкмөттүн берген отчётунда март айынан июль айына чейин 1500 адам өлгөн. 2020-жылдын 19-мартынан 15-май айына чейин жапкан карантинден эч жыйынтык чыккан эмес. Тескерисинче, даярдыгы жок Абылгазиев, Бороновдордун өкмөттү дарттын кыргынына алып келген. Бир күндө адам өлүмү 100гө жеткен күн да болду. Ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун кайдыгерлиги калктын башына тийди. Эми Сокени каргагандар көбөйдү. Президенттик фонддон дагы жардам көрсөтүлгөнү көрүнгөн жок. Оозун ачкан Жээнбеков учурда экстикти алып, айына 100 миң сом пенсия, жансакчыларына мамлекет тарабынан айлык чегерилип берилет. Ушунча өлүмгө, ушунчалык сый-урмат Сооронбай Жээнбеков  татыктуубу. Коронавируска чет өлкөдөн келген 500 млн доллар акча каражатын ким жеген? Ал кезде 5 сомдук беткап дагы элге мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлгөн эмес.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү