2020-12-0215:44

Шайлоо жакындаган сайын каралоолор көбөйүүдө

2020-11-13 13:27 393

Шайлоо жакындаган сайын каралоолор көбөйүүдө. Өзгөчө мурунку бийликтин айыбын ачып, абирийин төгүүдө. Коронавирус убагында элди карайлатып жансоого чакыргандарын айтып чыгышууда. Мындан эч ким качып кутула албайт, бийликтин анысын кылгандыгы анык. Дагы бир көрүнүш Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдордын тарапташтары бири-бирин боктоп, сөккөңгө чейин барышууда. Шайлоодо тартип деген маселе маселеге айланбай калды. Президенттикке талапкерлердин арасында Адахан Мадумаровга же Садыр Жапаров үчүн өз талапкерлигин алгандар да чекеден чыкчуудай. Ошондой эле эски адат эстен кетпей Россия тарапты карап турушат. Айта кетсек, Адахан Мадумаров Россияны түрө кыдырып, орус тилдүү экенин көрсөтүп жүрөт. Бул жагында Садыр Жапаров аксап келгени маалым. Күрөш күүлөнүп жатат.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү