2020-12-0215:35

Б.Зулпиев, К.Керезбековдар падышалык мыйзам долбоорунун авторлорубу... 

2020-11-20 14:22 224

Б.Зулпиев, К.Керезбековдар падышалык мыйзам долбоорунун авторлорубу... Ушундай маалыматтар желдей тарады. Бакиевден калган юристтер Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары  Бектур Зулпиев, КР ЖКнын депутаты Канат Керезбековдардын ысымдары учурдагы баш мыйзамдын долбоорун жазылышынын башында тургандыктары айтылып келүүдө. Анткени,  алар иштеп кеткен ушундай тариздеги баш мыйзам долбоору Бакиев тушунда  жазылган. Андан бери жылдар өткөндүгү белгиленип, бул долбоор күчөтүлгөн. Мында бардык бийлик Президенттикке өтүп, эки мөөнөт  шайланганга укук берилген. Талдоочулардын талдоосунда баш мыйзам долбоору падышачылык бийликти көрсөтүп койгон. Отуз жыл мурунку мыйзам долбоору, Зулпиев, Керезбековдардын долбоорлору кайра арта кыйтып келе жатат. Эгерде бул иш ишке ашса диктаторлук бийлик келет дегендер да арбын. Мурунку КР ЖКнын депутаты Алманбет Шыкмаматов даярдалган бул конституциянын долбоорун “Урод” деп атап жиберген.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү