2020-12-0216:10

Тогуз-Торо аксакалдары Аркарбек Мамытовду акимге сунуштап жатат

2020-11-20 14:48 1793

Тогуз-Торо аксакалдары Аркарбек Мамытовду акимге сунуштап жатат. Учурда аталган райондун жоон топ элдин атынан ак үйгө ушундай сунуш келип түштү. Кат Садыр Жапаровка жөнөтүлгөн. Сунушталып жаткан Аркарбек Мамытов жаштар бийликке келсин деген демилгенин колдоосунда болуп жатат. Ал “Замандаш” партиясынан КР ЖКнын шайлоосунда талапкер болуп аттанган. Эми райондун акимдигине элдин атынан ат салышууда. Аксакалдар кол койгон каттар, элдик жыйындын протоколу ак үйдө  каралып жатканы айтыла баштады. Айта кетсек, мурунку Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов өз арызы менен кеткен.   


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү