2021-07-2413:33

Топоева – Ставинскаянын ставкасы барбы… 

2020-11-23 12:56 374

Топоева – Ставинскаянын ставкасы барбы… Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы “Кыргызтест” ишканасы мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик чиновниктерден сынак алат. Кыргыз тил сынагы: окуу, угуу, жазуу, сүйлөө, лексика грамматика сынагынан өткөрүшөт. Бул өз-өзүнчө кабинеттерге кирип, компьютердик системада өтөт. Түз өтөт деп айтылганы менен түз эфирде эмес. Атайын суроолор, тесттик жооптор даярдалып, төрт жооптон бирөөсүн аныкташың керек. Биздин байкаганыбызда, аттуу-баштууларды кыргызтесттин жетекчиси Топоева Ставинская атайын жолунан тосуп алып, кабинетинен сүйлөшүп чыгат экен. Колуна гүл кармап, белектерин көтөрүп кирген чиновниктерди да көрдүк. Жыйынтыгында, кыргызча араң сүйлөгөндөрдүн канааттандыралык тапшырып чыккандарын байкадык. Тескерисинче, кыргыздардын өтпөй жүргөндөрү бар. Эмне Кыргызтест жетекчиси Топоева Ставинскаянын ставкасы барбы? Дагы бир кызыгы бул жерде саясаттын да кызыгы бар өңдөнөт. Себеби, Кыргызтест ишканасы Кыргыз Өкмөтүнүн карамагында экен. Анан кантип,  Топоева Ставинская башкарган мекеме өкмөттүн көзүн карабасын. Ошончолук сынак болуп жаткандан кийин Кыргызтест ишканасы көз карандысыз эркин болушу шарт. Албетте, суроо туулат эркин болбогондон кийин, бул жерде да өкмөттүн саясаты болушу мүмкүн. Ал эми өкмөттүн карамагында болгондон кийин, өкмөт өзүнүн атаандаштарын саясий өңүттө Кыргыз тилин билбейт деген негизде жыгып коюшу  толук мүмкүн.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү