2021-01-2114:56

Кадр маселесинин кадыры кетти

2020-11-23 13:43 342

Кадр маселесинин кадыры кетти. Жаш кадрлар коюлганы менен тажрыйбалары жок. Сүрөткө тарткандар, видеого тартып жүргөндөр ири ишканаларга баш директор, министр, министрдин орун басары болду. Алардын арасында ар кандай дүйнөлүк агымдарда агылып жүргөндөр да арбын. Маданият министри Нуржигит Кадырбеков менен Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевдерди  Гүленчилер деген маалымат интернет желелеринде желдей тарап кеткен. Ошондой эле Америкадан соц.түйүндөн чыккан айым Нуржигит Кадырбековду Гүленчи деп атап, анын ыйман фондусунда бир топ каражаттарды кымырып алганын белгилеп өткөн, жана анын кадрларынын бирөөсү фейсбук баракчасында Гүлендин сүрөтүн коюп алганы дагы аныкталган. Жакында  дагы бир дайындалган ак үй чиновниги жаңы жазылган баш мыйзам долбоорунан светтик өлкө дегенди алып салуусун талап кылды. Мындай жагдай менен кетсе, мамлекеттик кадрлардан калк иренжий баштайт.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү