2021-01-2114:43

Жаштар Садыр Жапаровдан кете баштады

2020-11-25 13:56 3295

Жаштар Садыр Жапаровдан кете баштады. Акыркы күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровга наарызычылыктар көбөйө баштады. Күндөн-күнгө көбөйүп бараткандай. Чу дегенде мындай айныган жагдай “Чоң казат” жаштар арасынан пайда болгон. Ал маселе Бишкек шаарынын мэринин кызматына коюу маселелсинен келип чыккан. Мэрлик милдетти аткарып турган Нариман Тюлеевди креслосунан айдап чыгууга чейин барышкан. Бишкек мэриясынын алдында митинг да болгон. Жакында, Садыр Жапаровдун  “түшүнүгү жок жаштар гана колдоп жатат”-деген сөзү дагы жаштар арасында талкуу жаратты. Ал эми журналист, “Реформа” саясий партиясынын мүчөсү Эркин Нурбаев, Садыр Жапаровду “билим таймашы” теледебатка чакырды. Жапаровка караганда ал билимдүү экенин көрсөткүсү келген. Бирок, мындай теледебатка Садыр Жапаровдун келбеси ачык көрүнүш.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү