2021-01-2114:30

Сооронбай Жээнбековдун өкүлү кармалды

2020-11-25 15:42 503

Сооронбай Жээнбековдун өкүлү кармалды. Мурунку өлкө башчысынын ак үйдөгү өкүлү Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен аткарган беренеси менен колго түштү. Мындай билдирүүнү 2020-жылдын  24-ноябрында коопсуздук комитетинин маалымат катчысы айтып чыкты. Курманбек Дыйканбаев Жээнбековдордун оң колу болгон. Анын каржы жактан каржы таап берип жүргөнү аныкталууда. Бул кармалууда 2020-жылдын 4-октябрындагы Кырыгз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоосуна жергиликтүү жетекчилердин бирөөсүнөн 7 млн сом акча каражатын алып келүүсүн талап кылган. Ал иштин жүрүшү тергөө тарабынан жүрүп жатат. Шайлоого деген акчалардын ачыгы дагы ачыла турганы белгилүү болууда. Сооронбай Жээнбековдун дагы бир кызматкери Алманбет Салиев ушундай кыянатчылык беренеси менен изделип келүүдө.


автор: Баян

Бөлүшүү