2021-06-1310:30

Айгүл Жапарова зөөкүрлөрдү жалдап жатабы?... 

2020-11-27 14:39 9253

Айгүл Жапарова зөөкүрлөрдү жалдап жатабы?... Ачуусу келген Бектур Асанов  атайын ушундай кайрылуу таркатты. Эч кимден коркпой эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүп келген Бектур мырза мында дагы ачык кармашка чыгып, ачык айтканга киришти. Бектур Асановдун айтканына караганда, бүгүнкү сөгүп-сагынгандардын, маданиятсыз оозго алгыс сөздөр менен коментарий жазгандар, “өлтүрүп кетебиз”-деген аккаунттардын артында Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова турат деген сөздөр, эл арасында тарап кеткен. Ал жөнүндө сүйлөшүп жаткан аялдардын аудио үндөрү да соц.сеттерге тараган. Чөптүн башы шамал болбосо кыймылдабайт. Президент боло электе Жапаровдун жубайы жөнүндө ушундай жаман сөздөрдүн таралышы жакшы кабар эмес. Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан “С.Жапаров” штабында аялы Айгүл Жапарова, балдары, иниси жалпы үй-бүлөсү штабды башкарып жаткандыгын, ал жерге баргандар кеп кылып жатышат. Бир кезде Бакиевдин штабын дагы баласы Максим Бакиев жетектегени анык. Бакиевдик жүрүш, ошол бойдон жүрүшүнөн жазбай кетип жатат.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү