2021-01-2114:17

Ө. Суваналиевди М.Иманкулов  сабап коёрдо ...

2020-11-27 15:31 791

Ө. Суваналиевди М.Иманкулов  сабап коёрдо ... 2020-жылдын 4-октябрында революциядан кийин, генерал Өмүрбек Суваналиев коопсуздук  кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматына чиренип, Кыргыз Республикасынын коопсуздук комитетинин төрагасынын ордуна чиренип отуруп алган. Анысынан майнап чыкпай, ошол жерден эле көчүккө тебилип, сыртка тебилип чыккан. Иштин жүрүшүндө, курултайчылардын аксакалын Өмүрбек Суваналиев аксакал экенине карабай өзүнөн бир топ улуу адамды сөгүп чыгат. Ал жерден Суваналиевди алка-жакадан алып Марат Иманкулов сабап коёрдо, ортого арачалап дагы бир генерал Артур Медетбеков алып кетип калат. Бийлик талашкан генералдардын чыр-чатагы ушуну менен аяктайт. Көчүккө тебилип, тебиндиде калган  Өмүрбек Суваналиев дагы жуйпуланып, Текебаевди жамандамыш болуп, азыркы бийликке жуучу түшүп жаткан учуру. Эгерде Өмүрбек Суваналиев ушундай жол менен барам десе, анда анын жолу деле буулуп калгандай. Коомдо жөнөкөй жөнөкөйлүктөн баштап, генералдардан бери кошоматчылар арбып баратат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү