2021-01-2113:43

Мартка барып Сооронбай Жээнбеков камалат

2020-12-03 13:41 1732

Мартка барып Сооронбай Жээнбеков камалат. Ушундай сөздүн ушундайы кечетен баштап кулак кагыш боло баштады. Анын негизги жүйөөсү Алмазбек Атамбаевдин мына-мына абактан эркиндикке чыга турганы себеп болгон. Алмазбек Атамбаев мындан үч күн мурун өзүнүн айтуусу боюнча “ит досу” Сооронбай Жээнбековду абакка отурарын эскертип, өзү эркиндикке чыгаарын жар салган. Атамбаевдин айтуусунда Сокени бийлик тактасында Үмүт деген он тогуз жаштагы бала ок атуудан өлгөн. Бир нече өлкө жарандары көздөрүнөн ажырап сокур болсо, нечелеген адамдар кармай турган колдорунан ажырашкан. Ошондой эле, март-июль айларындагы пандемия учурунда 500 млн доллар акча каражаты дайынсыз жер жуткандай жоголгон. Ушунун баарына Сооронбай Жээнбеков жооп берүүгө тийиш деген. Эми экөөнүн орду алмашып АША өзүнүн абактагы ордуна Соке досун отургузуп, өзү чет өлкөгө чыгып кетеби... Муну убакыт көрсөтөт. 


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү