2021-01-2114:48

Садыр Жапаров оңкосунан түштү

2020-12-03 14:02 1525

Садыр Жапаров оңкосунан түштү. Мындай билдирүүнү жаш коомдук ишмер Бакыт Калмаматов айтып чыкты. Анын кебинде алсыз өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдан да эбегейсиз элдин ишеничинен Садыр Жапаров чыгып бараткан өңдүү. Өз кезинде, Кумтөрдү улутташтыруу маселелсин бийлиги жокто айтып келсе, бийликтин төрүнө өтөөрү менен Кумтөрдө алтын калбай калды, калдыгына тийбегиле деген. Матраимовду эртең менен камайм десе, саат өтпөй камабай калдым деп, акчасын соттун чечимисиз төктүрүп эркиндикке коё берип жиберген. Ушундай сөздөрдү айтып келип: “Садыр Жапаров ылдыйлап түшпөстөн, жогорудан тик кулап келип, оңкосунан сайылып калды”- деп журналисттерге кеп салып берген. Анын сөзүнүн толуктоосунда Садыр Жапаров жалаң өзүнүн досторун, жакын тааныштарын, Бакиев учурунда чогуу иштешкендерин команда кылып жанына топтоп, тобу менен ар кандай бийликтеги кызматтарды берген.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү