2021-01-2114:36

XXI кылымдын 20-жылдын Дүйшөнү кыйналып жатат

2020-12-04 13:29 303

XXI кылымдын 20-жылдын Дүйшөнү кыйналып жатат. 

Урматтуу эл-журтум, калайык калк! Мен калкыма чыккандан кийин кайрылганыма туура келди. Бул кайрылуум, ачык айтайын, бөйрөктөн шыйрак издегендерге эмес, өз өлкөсүн жүрөгү менен сезип, өлкөсүнө боору ооругандарга көбүрөөк тийиштүү. Ушундай жарандарыбыз көп болсун. Кеп жебегендерге эмес, кеп уккандарга! Жемелегендерге эмес, кулак салгандарга кулак кагыш кылсын дедим! Түшүнүгү жоктор укпай эле койгула, баары-бир түшүнбөйсүңөр. Түшүнүгү жокторго түшүнбөйм. Аларга теңелбей коёюун десем, алар дагы түшүнүк жаратып жиберет экен. Баласы атасына үйрөткөн, баласы атасын төрөткөн заманга бараткандайбыз. Бул ачуу чындык. Жаштар дедик! Бирок жаштарыбыз аталарыбыз эмес, биз башкарабыз дегенге өттү. Албетте буга уятты жоктор себеп. Кыргызда кеп бар: Атаң өлсө дагы атаңды көргөн өлбөсүн деген. Атаңдын замандашын, анын муунун сыйла деген кеп. Ата болчу, атасын ардактайт. Жаштар атаны сыйлагыла! Таалим, тарбия, тажрыйба, тарых ата жолунда болот. Алдыңкы муунду поколенияны унутуп коюп, артта келе жаткан поколенияны муунду алдыга чыгара берип, ала салып  кетпейбизби деген ой да кетет. Жаш, жашы менен, тең теңи менен болсун. Жаштарга жол көрсөткөн аталар көбөйсүн. Анын сөзүн угуп, жолун улаган жаштар болсун. Бүгүнкү күндү башымдан өткөрүп жатып. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “биринчи мугалим” чыгармасы ойумдан кетпей эсимден чыкпай, эсиме келе берчү болчу. Билесиңер, чыгармадагы биринчи мугалим деген атты ага эл кийин түшүнгөндө берген. Албетте, өз убагында түшүнгөн эмес. Түшүнүк үчүн да күрөш керек экенин, керек болсо ага өмүр кетерин,  өмүрлөр кыйылаарын, өлүм коштоорун, улуу тарбиячы Чыңгыз агабыз ушул жазуусунда жазып кеткен. Анда, чындыгында Дүйшөн мугалим болгон эмес. Бирок билим анын жүрөгүндө адамдык мүнөзүндөгү адамгерчилигинде болгон. Адамгерчиликтүү адам адамзатты билгенге, билгичтикке, билимге үндөйт. Өзүнүн колу жетпегенге адамдар жетсин дейт, адамды ойлойт. Жалгыз адамдын сөзүн укпай топ-топтошкондордун, мааниси жок кургак сүйлөгөн курамалардын, баш-аягы жок курулай убадалардын, эртең менен бирди, түштө бирди, кечинде айныгандардын кебин угуп калдык. Кара күчкө салып турганын билип турсак дагы, ошол карага кошоматчылык кылгандар көбөйдү. Кошоматчылар огош бетер көптүрүп жатасыңар. Алар көөптү, көөп кетти. Ушулардын айынан, отуз жылдан бери бийлик өзүнүн караөзгөйүн бийлик башына коюп келди. Эгер алар караөзгөй болбосо минтип карайлап кедей өлкө болбойт элек го. Айланайын калкым айланаңды карачы! Карайлагандар калк ичинде көбөйүп кетти го. Миллиондордун карайлаганы ушул да, эки көзү өз өлкөсүнөн өтүп, чет өлкөдө миграт болуп жүрүшөт. Жаштыгынын баары чет өлкөдө, өмүрү бөлөк-бөтөн жерде, жадаганда сөөгү да чет жерде. Бул бийлик бизге жакшылык кылган эмес. Ушул бийликке ишенип жатасыңарбы. Алар ушундайынан жаспай келген, дагы эле жаспайт. Канына сиңип калган караөзгөй бийликке, дагы караөзгөйүнөн жаспай, караөзгөйлүгүн алып келе берет. Жаратканымдын жакшылыгын карачы, караөзгөйгө дагы жакшылык кылып, жол ачып берет. Бирок, караөзгөй Кудай таалама да адатын карматып, караөзгөйлүгүн кылат. Кудайды каратып калп айтып, жанагинтип калкын карайлатат. Ойлон калкым, ойлон калкым, ойлон калкым... Жаңыланбаган, жаңылыша берет. Жаңыбыз деп жаңы көйнөк кийип көрүнгөнү менен анын жүрөгү баягы. Баягы, баягысын кылат. XX кылымдын 20 жылында Дүйшөн кандай сыздап турса, бүгүн дагы XXI кылымдын 20 жылында да  Дүйшөн ошондой сыздап турат. 


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү