2021-01-2113:16

С.Жапаровду Путин, Назарбаев куттуктаган эмес

2020-12-08 14:50 2695

С.Жапаровду Путин, Назарбаев куттуктаган эмес. Жакында Садыр Жапаровдун туулган күнү өтүп, элүү эки жашка чыккандыгы белгиленген. Аны Россия өлкөсүнүн Президенти Владимир Путин куттуктады деген сөздөр, жазуулар соц.сеттерден тарап кеткен. Бирок, ал таркатуулар көпчүлүктү күмөн жараткан. Ошону менен бирге, казак элинин эл башчысы Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо видеосу да жарык көргөн. Көргөндөр, аты-жыты жок эле бирөөнү куттуктаганына комментарий бере башташкан. Андагы куттуктоодо кимге  айтылган туурасында так дареги жок, “жаздан жазга жет”-деген гана Назарбаевдин сөзү. Айтор, Жапаровчулар артык кылабыз деп, тыртык кылышты. Куттуктоолордун көбүнчөсү “фейктер” болгон. Куттуктоолордун арасынан топтошуп чыккандар, көлдүктөр анан мигранттар болушкан. Ашыра мактайбыз деп, аша чапкандары  жаман.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү