2021-01-2114:23

Жакында Ө.Текебаевга кол салуу болот

2020-12-08 15:28 1579

Жакында Ө.Текебаевга кол салуу болот. Акыркы күндөрү мындай коркунуч бар экенин көпчүлүктө күбүр-шыбыр кептер айтыла баштады. Өзгөчө, ушундай кептин күч алышы Ата-Мекен партиясынын штабына бир топ балдардын чогулуп барганы себеп болгон. Ошондой эле, Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү бийлик менен кармашуусу да кооптуу боло баштаган. Садыр Жапаров атаандаштарын унутта калтырып, улам Текебаевга атырылып чыгышы, тарапташтарынан, аны колдогон колдоочуларынан чоң суроо жаралган. Эмнеге бийликте бара жаткан талапкер Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен калчылдашып калды. Ал эми жогорудагы айтылган “кол салуу” божомолу кандай таризде болот аны убакыт көрсөтөт. Тарыхта ээрге отурган бийлик атаандашы менен эмес, эр жүрөктүүлөр менен ээрөөлгө чыгып келгени анык. Экөөнүн кармашуусун карап тургандар кайсы жакка ооп кетеринда билбей турган мезгили. Бийликке кошомачылар кошколдоп колун сунса, Текебаев тарапка бул бийликтин күмөн санагандар күрөшкө белсенип тургандар. Эгерде чындап эле Текебаевга кол салуу болсо, анда бийлик өзүнүн баркын кетирип, Текебаевдин баркын көтөрүп жибериши мүмкүн.


автор: Баян

Бөлүшүү