2021-01-2113:07

Нан дагы кымбаттады

2020-12-08 15:43 388

Нан дагы кымбаттады. Күндөн-күнгө азыкка болгон баа арзандабай, баасы асман чапчып баратат. Аны ойлогон бир кыймылдаган жан жоктой. Бийлик саясат менен олпурушуп өзү менен өзү. Антимонополия көз салмак турсун, көзгө да көрүнбөгөн, көлөкө монополия болуп калгандай. Эл кымбатчылыктан кыйналып, ченеп-бычып курсагы тойгонго эмес, курсагы курулдаганын гана басып калды. Эт алгандын ордуна “бульон” алып шорпо даамдатып ичип калышты. Парламент буйуртма менен гана иштеп, күн өткөзмөй менен алек. Депутаттар 100 миңге жакын айлыктарын алып кампайып калган. Мында элдин кыйналып, кайгы басып калды. Качан бийликтегилер калк камын ойлойт. Эттин баасы көтөрүлгөн боюнча түшкөн жок. Эми дагы бир көйгөй, мал дагы базарда өтпөй калган имиш.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү