2021-01-2113:56

Максимдин көлөкөсүндө  Жапаров, Шадиевдерби...

2020-12-17 14:34 336

Максимдин көлөкөсүндө  Жапаров, Шадиевдерби... 2020-жылдын 5-октябрындагы революциядан кийинки, мурунку Президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин аты таш жара баштады. А түгүл, Максим Казакстандын “Курдай” тарабынан келип, чыгып кетиптир деген кептер тарап кеткен. Өткөн революциянын аркасында Максим турат деген сөздөр күч ала баштады. Эл сөзүндө элек жок. Жакында дагы бир укмуштуу караандуу караңгы кептер дагы жарыкка жылт этип, этибар алды. Качып жүргөн мурунку аткаминер Аскар Шадиевдин мүлктөрүнүн 80%да Максимге тийиштүү имиш... Дагы бир булактардан буулгуп чыккан айдыңардын айында, кадимки эле КР ЖКнын депутаты Акылбек Жапаровдун “Дамас” рестораны Максим Бакиевге тийиштүү делип, анын кирешеси капчыгы аталып айтылган Акылбек Жапаров салып турат имиш... Имиштер дагы жөн жерден чыкпаса керек ... Имиштер ийинден чыга баштады. 


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү