2021-01-2114:41

Алсыз бийликтин билеги Абдил Сегизбаега жетпейби

2020-12-17 15:22 427

Алсыз бийликтин билеги Абдил Сегизбаега жетпейби. Акыркы кезде, эл арасында Абдил Сегизбаев, “Катуу кетип жатат, катуу сүйлөдү, Садырга сөөмөйүн көрсөтүп салды”-деген уу-чуулар чулгап бартакандай. Мурунку  чекистердин анабашчысы Сегизбаев, азыр эл көзүнө көрүнүп күзүрүнө айланган Садыр Жапаровду бир-бирге дебатка чакырган. Ошондой эле, анын айланасындагыларды  “Бакиевдин бөлтүрүктөр Бөрүлүккө” жеткенин жеткизе айткан жери бар. Аларды “Кара” атап, Крыгызстан мамлекетин алардын колуна өткөзүп бербесин, колун көзөп, көзөнөктөп  айтып чыкты. Элди да ошого көңүлүн бөлдүргөн. Сегизбаевдин айтуусунда Бакиевчилдер келе жатканын эскерип, элдин эсине салган. Эмнеге Сегизбаев, Садыр Жапаровдан, Талант Мамытовдан коркпой секирип жатат. Секиргендигине караганда кеп бар окшойт. Секириги канча кадамдуу чакырыкка чейин барат аны убакыт көрсөтөөр.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү