2021-03-0817:53

Хандык бийликке каршымын

2021-01-15 13:04 894

Хандык бийликке каршымын. Мындай билдирүү менен Кыргызстандагы Коммунисттик партиянын лидери, мурунку КР ЖКнын төрт жолку депутаты болгон Исхак Масалиев айтып чыкты. Анын пикиринде азыркы даярдалып жаткан баш мыйзамдын долбоору Хандык бийликке алып баратат. Ошондой эле кошоматчылар Садыр Жапаровду хандын тукуму деп чыгышкан. “Эгерде, мына мен өлкө башчысынын, башкача айтканда Падышанын баласымын, анда мен сөзсүз өлкө башчы болушум керекпи, кошоматчылардын мындай сөзүнө кошулбайм. Биз демократиялуу эгемен эркин өлкөдө жашап жатабыз” – деп журналисттерге интервью берген. И.Масалиевдин дагы бир билдирүүсүндө азыркы шайланган өлкө башчысы Садыр Жапаров, азыркы иштеп жаткан баш мыйзам менен Президент болуп шайланды, эгерде жаңы баш мыйзам кайра кабыл алынса, кайра Президенттик шайлоо болоорун эскертип өткөн.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү