2021-03-0818:42

Адахан Мадумаровга бийлик берилеби ...

2021-01-15 15:42 5041

Адахан Мадумаровга бийлик берилеби ... Шайлоолордо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун 100.000 (жүз) миң шайлоочусу мында да өз добуштарын берген. Учурда коомчулукта шайлоодо таза күрөш жүргүзүп келген А.Мадумаровга кызмат берилүүсү талаш-тартыштуу талкууга түштү. Акчанын күчүнө салып амалданбаган, административдик кара күчкө алдырбай, өзүнүн дарамети, билими, сөзү менен дайыма Президенттик шайлоодо экинчи орунда келген Мадумаровдун тажрыйбасын пайдаланыш керек деген сөздөр байма-бай чыга баштады. А.Мадумаровдун өзүнүн айтуусунда, ал өткөн Президенттик шайлоону тааныбастыгын билдирсе, ошол эле учурда шайланган Садыр Жапаров анын душман эместигин белгилеп, атаандаш болоорун айткан.


автор: Баян

Бөлүшүү