2021-03-0818:28

Шайлоо бүтөөрү менен кымбатчылык от  алды...

2021-01-18 12:01 298

Шайлоо бүтөөрү менен кымбатчылык от  алды... Учкундан жалын тутанат болуп, Садыр Жапаровду шайлагандардын көпчүлүгүн социалдык маселелерге көз каранды шайлоочулар шайлаганы маалым. Жалпы шайлоочунун 27% пайызын, аталган талапкерге өз добушун берген. Шайлоо учурунда бардык азык-түлүк продукциясынын баасы 30%пайызга чейин асман чапчыса, эми каяктагы Евробензин аталып мунайзаттын баасы да 40% пайызга көтөрүлгөнү  турат. Отуз беш сомдук бензин баасына да он беш сом кошулат деген сөздөр чыкты. Ал андан кымбаттаса, эми Бишкек мэриясы маршруттук 10 сомдук жол кирени 50% пайызга көтөрүүнү көздөсө ага 5 сом кошкону жатат. Демек, маршруттук жол кире 15 сом болот. Ал эми күндөлүк продуктуларга күнүгө баа кошулуп жатканын көзөмөлдөгөн бийлик жоктой...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү