2021-03-0818:14

Маданият министринин мандеми

2021-01-20 13:55 650

Маданият министринин мандеми. КРнын маданият Маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековга кыргыз эл артистери, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлердин, маданият мыктыларынын нааразычылыктары көбөйүп, алардын катары өсүү менен толукталып жаткандай. Өзгөчө мындай кырдаалга Самара Каримованын да салымы бар. Министрдин райондук соттун чечими күчүнө кире элек жатып, Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы колледжге директорго дайындап жибергени анын мыйзам тааласында сабатсыздыгын көрсөтүп койгондугун эл артистери, маданият ишмерлери айтып чыкты. Ошондой эле дасыккан юрист Клара Сооронкулованын айтуусунда, эки жылдан кийин Самара Каримованын доосун кароо мыйзамга туура келбеген көрүнүш болгон. Ушундан улам маданият министри Нуржигит Кадырбековдун эсине келип, Самара Каримованын ишин кайра кароого жогоку баскычтагы сот отурумуна жөнөткөн. Билбесе билгендерден сураса болмок экен. Министрликтин ичинде чала сабат юристтердин бар экени далил болуп калды. Дагы көп иштер алдыда окшойт.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү