2021-03-0819:23

Т. Стамалиева китеп жазам деп кызмат алганбы...

2021-01-20 15:04 534

Т. Стамалиева китеп жазам деп кызмат алганбы... Сооронбай Жээнбековдун бийлигинде маалыматтарга аны чокутпай, каралатпай караан болуп пресс катчылык кызматындаТолгонай Стамалиева деген болгон. Боло элек жатып эле Сокени АШАчылардан калкалап, бөлүп карап келген. Ал айымдын мындай көз карашы ошол кездеги Президенттик шайлоодо деле пайда болгон. Анысы тууралуу өзү жазып чыккан. Толгонайдын ой толгоосунда ошол мезгилде эле Сооронбай Жээнбековду Фаридден, шопур Икрамдан, Атамбаевдин өзүнөн сактап, коргоп келген имиш. Ошол эле жазуусунда Толгонай Стамалиева кумир туткан Сооронбай Жээнбеков боюнча китеп жазууну эңсеп, рахат алуусу жөнүндө да шардана кылган жери бар. Маани-маңыздуу айымдын ошондогу жазуусуна көз жүгүртсөк китеп жазам деп кызматынан кыймылдабай отурганбы? Чынына келгенде, аттуу-баштуу журналисттерди көрө алган эмес. Аларды жанына жолоткусу да келген эмес. Ал эми өзүнүн дарамети көз көрүнө болгону анык. Эх, Соке өзүнөн ылдыйларды алам деп, ылдыйлап кеткени, үч жылда эле белгилүү болду. Соке, Толгонай экөөң аман эле болгула ...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү