2021-03-0818:49

Р. Бостоновду коргоо комитети Бишкек, Жалал-Абад шаарларында түзүлдү

2021-01-25 10:01 519

Р. Бостоновду коргоо комитети Бишкек, Жалал-Абад шаарларында түзүлдү. Суу барбаган жерге суу чыгарган, какыраган төш кыркалуу жерди өрүкзарлуу кылган ак эмгекчил, күжүрмөн Рашид Бостоновду келген бийликтин бир өкүлү куугунтука алып жатканы айдың кептин үстүндө айлана  баштады. Айланкөчөктүн айлананасына салып, ар кандай жагдайларды жабыштырган, бийлигине чиренип куу чирендикке салып жаткан ким экени жакында ачыкка чыкмак болду. Жоктон бар кылган Бостоновду жоготобуз дегенге чейин барып жаткандар кимдин командасы экендиги, мамлекеттик ишти кирешелүү ишканага чыгарган Рашидке ким көрө албастык кылып жатканы бир аз күндөн кийин көзгө көрүнөөрү көрүнүп калды. Жетишкендикти жемелегендер жең ичинен сыртка чыга турган болуп турат. Ичи тарлык канчалык тар жолго салбасын Бостоновдун колдоочулары жакында жарылганы турат. Бизге жеткен маалыматка таянсак Рашид Бостоновдун колдоочулары коомдук уюмдардан, мамлекеттик ишмерлерден, өлкөнүн аттуу-баштуу атуулдардын түзүлүп, азыркы шайланган өлкө башчысына чейин кайрылганга жетишкен. Элдин нааразычылыгы чындык тайыган жерден башталат. Чындыгында, Рашид Бостоновга ким бут тосуп жатат, бул чоң суроону жаратып жаткан мезгил. Колдоочуларынын кебинде кимдир бирөөлөр көрө албай, көрө албастыкка жатканы айтылып келүүдө. Учурда Рашид Бостонов жетектеген Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жыртык тешигине чейин текшерип жатыптыр. Ал жерде Бостоновдун үстүнөн кылмыш ишин  табасыңар деген үстөмдүк-өкүмчүлүк буйуртмалары жакында ачыкка чыгат деген күбүр-шыбыр кептер пайда болууда.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү