2021-03-0819:29

Генерал К.Асановду коргоо комитети түзүлдү

2021-01-27 16:22 448

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Сизге кайрылган себебибиз, эл генералы Курсан Асановтун камалышы бул саясий буйрук. Ал киши өз элине күйгөн кыргыздын чыныгы патриот уулу. Анын элге кылган кызматы 2010- жылдагы Ош окуясында, 2019 – жылдагы Кой – Таш окуясында, 2020- жылдагы 6 -7-октябрдын Бишкектеги болгон окуяларда эл менен бирге болуп тартипсиздик талап-тоноочулукка жол бербестен мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактап калганы бул эрдик.

6-октябрда бийлик башы дээрлик жок, мамлекет оор абалда турду. Ким кайсы жерге баргысы келсе, башчылардын кабинетинен чыкпай, түнөп кайтарып калган учурлар катталды. Басып алуу, энчилеп калуу массалык түрдө орун алды. Ошол учурда бир гана легитимдүү орган Коопсуздук Кеңеши жана Кеңештин катчысынын орун басары Ө.Суваналиев калган. Болбосо Президент С.Жээнбеков, ЖК төрагасы Д.Жумабеков,  Премьер-министр К.Боронов, УКМК төрагасы О.Опумбаев, ИИМ министри К.Жунушалиев, Башкы прокурор Ө.Жамшитов ж.блар жок болуп, мамлекет башкаруусуз калган. Мамлекеттик башкаруу иерархиясы боюнча мамлекеттик коопсуздукту көзөмөлдөп, күч органдарынын кызматкерлерине "Буйрук" берүүгө укуктуу бир гана Ө.Суваналиев калган.  Өздүк маалыматтар боюнча 6-октябрь күнү Ө.Суваналиев К.Асановду чакырып (жанында Т. Сариев, Ч.Джакупова болгон) "Мамлекет оор абалда турганда ИИМ ээсиз калды, убактылуу коопсуздук жаатында куроторлук кылып, Бишкекте кечкисин мородёрлук болбосун, шаарга комендант болуп бериңиз"- деп суранган. Макулдугун берген К.Асановду ИИМдин ошол кездеги орун басары А.Орозалиев өзү алып барып, К.Жунушалиевдин иш бөлмөсүн ачып берип,  кызмат ордуна отургузган.  Ал кезде Ө.Суваналиев К.Асановду министр кылып дайындоого ыйгарым  укугу жок эле, ошондуктан кырдаал тынчыганча деп кураторлукка К.Асановду алып келишкен. Демек, бул кызматты жана имаратты басып алууга кирбейт.

Ошондуктан сизден өтүнүп суранабыз ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алып саясий куугунтукту токтотуп, эл уулун бошотуп берүүңүздү суранабыз. Бүгүн өлкөгө саясий оюндар митинг, пикеттер эмес тынчтык керек ошого элди толкутпай Курсан Сатаровичти актап берүүңүздү суранабыз.

 


автор: Ражап Кадыров Аксакалдардын атынан “Сори – Коомунун”төрөгасы.

Бөлүшүү