2021-03-0819:14

Бакиевдин аялы жетип келди

2021-01-29 15:38 703

Бакиевдин аялы жетип келди. 2010-жылдан бери дайыны билинбей кеткен ырчы, Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаева Бишкекке келгени маалым болду. Бул маалыматты “достор тобунун” ырчысы Айчүрөк Султанова өзүнүн фейсбук баракчасына жазып интернет желелерине тараткан. Ошондой эле курдашы Орозгүл Токторбаева чоң долбоор иши менен келгенин да жарыялап, ага ийгилик каалап кеткен. Жаныш Бакиевдин аялынын жетип келиши, коомчулукка кооптоно турган жем таштаган. Аны суракка алуу жагын да жазышкан. Ошону менен бирге, Жаныш Бакиевдин аялына жазылган долбоорго келишим коюулабы деген суроолор да пайда болду. Садыр Жапаровдун инауграциясына чакырылганбы деген кеп-сөздөр да четте калган эмес. Айтор, күбүр-шыбырдын күүсү каякка күүлөнөт аны убакыт көрсөтөт.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү