2021-03-0817:58

Кубанычбектин кылыгы, Розанын кылтыңдаганы кылмышка илинди

2021-02-05 13:44 2803

Кубанычбектин кылыгы, Розанын кылтыңдаганы кылмышка илинди. Коррупция беренеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиев 65 жашында абакка отурду. Мындай билдирүүнү УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты. Маалыматка ылайык жемкорлуктун жогорку деңгелиндеги  айыбы тагылган. Айта кетсек, анын жубайы Роза Аманова ректор болуп турган медициналык окуу жайында лицензия берүү боюнча чырлуу документация табылган. Ошону менен бирге К.Жумалиевге таандык 78 объекти катталып, мамлекетке төгүлүүчү акча каражаттары жаап жашырылып, кымырылып келген. Кылтыңдаган Роза айымдан, Кубанычбек мырзанын “Куран” кармап карганган кылыгы эми ачылгандай. Мамлекетке ыраа көрбөгөн акчасы чын эле болсо, анда жалганда “Куран” кармаганы кандай болуп калат.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү