2021-03-0819:13

Жаргылчактын ташы эки бөлүндүбү ... 

2021-02-05 15:19 656

Жаргылчактын ташы эки бөлүндүбү ... Бийликтин тегирмени тетири тегеренип баратат деген кооптонуу, Жапаровдун, Ташиевдин тарапташтары тарабынан да козголду. Өкмөт үйүнүн алдында, өлкө Президенти Садыр Жапаров тарабынан сунушталган, өкмөт башчы Улугбек Мариповдун дайындалышына анын тарапташтары, фанаттары тарабынан каршылык митинги өттү. Ошол жердегилердин айтууларына караганда мунун артында мурунку аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаев кимдир бирөөнүн буйругу менен “каршылык митингинин” өткөзүп жаткандай. Маалымат булактарында дагы бир жагдай пайда болгонуна караганда эки достун кадрлары экиге бөлүнгөн. Эмне  үчүн Артём Новиков өкмөт башчы, ал эми учурдагы өкмөт структурасын түзгөн Бакыт Аманбаев анын биринчи орун басары болгон эмес? Ала  элек акчасы үчүн эмнеге Т.Ташиевдин жанында жүргөн, жан адамы Нургазы Анаркулов камалып “жаман” аттуу болууда. Өлкө башчы тарабынан К.Ташиевдин кадрларына чабуулга өттүбү...


автор: Баян

Бөлүшүү