2021-03-0817:56

Келиндер козголоңунан коом козголуп кетеби ...

2021-02-05 17:27 444

Келиндер козголоңунан коом козголуп кетеби ... акыркы мезгилдерде аялдардын ачык айтуусу эл арасында кеп-сөзгө айлана баштады. Алардын кебинде, бийликке нараазы, кээбирлери бийликти ашыра колдогон аял фанаттары. Бийликке ачык айткан келиндер менен, өлкө башчы Садыр Жапаров оппозициялык таризде карап, бийлиги менен кошо өзү күрөшкүдөй. Ал эми ич ара аялдардын кайым-каяша айтышууларга Айгүл Жапарова өзү ордуна койгудай. Көз карандысыз, өзүнүн көз карашы бар Клара Сооронкулова, Рита Карасартова айымдар өлкө башчысы  Садыр Жапаров мыйзамсыз өлкө башчы деп атап келишип, аны менен иштешпей турганын билдиришсе, мурунку башкы прокурор Аида Салянова аны куугунтуктап, жетээр жерине жетип, өлүм каалап турушканын айткан. Абдил Сегизбаевдин жубайы Садыр Жапаровду жекеме-жеке дебатка чакырды. Орозайым Маскөөдөн эсине келүүнү эскерткен. Жаш юрист кыздар, мыйзам талаасынан азыркы бийлик чыгып кеткенин жарыялап келишет. Ал эми Жогорку соттун айымдары Г.Калиева, Д.Боронбаевалар мыйзамсыз иш козголгонун айтып чыгышты. Айтор, Садыр Жапаровга аял кишилердин нараазы болушу көбөйүүдө. Коомчулукта өлкөнүн биринчи Ледиси аталган Айгүл Жапарова бийлик карамагындагы айымдарды, өзү тизгендеп койчу мүнөзү бар деп келишет.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү