2021-03-0819:00

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти

2021-02-08 13:34 213

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти. Өз өлкөсүнөн кетүү ден-соолугуна байланыштуу болгон. Өлкөдөн чыгып баратып калайык-калкка кайрылган. Анын кебинде, белгилүү жүрөк ооруусунун дарыгери Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен дарыланып операция жасатууга ынанганын айткан. Ошондой эле, ал сакайып келгиче ар-кандай ушак айдыңдарга ишенбөөгө, жакшылыктан үмүт кылып, дуба кылууга чакырган. Маалымат булактарында Камчыбек Ташиевдин оорусу пандемия убагында күч алып, тынчсызданууну жараткан. Өпкөнүн караргандары кетпей, жүрөккө таасир этип, каны коюуланып, кан уюп калган. Мындай учурда,  жүрөгүнөн операция кылуу керек экендигин айтылууда. Анын операциясы, Европа өлкөлөрүнүн биринде жасалат. Эгерде ушул маалыматтар чындыкка туура келсе Камчыбек Ташиев кеминде алты айга чейин өлкөгө кайрылып келбейт. Азыркы кызмат абалы кандай болот аны ак үйдөгүлөр ойлонуп жаткандыр.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү