2021-03-0817:45

Жакында Асылбек Жээнбеков камалат

2021-02-08 14:02 3274

Жакында Асылбек Жээнбеков камалат. Мындай кеп-сөздөр желдей тарай баштады. Өзгөчө агасы Сооронбай Жээнбеков өлкөдөн кетери менен күч алып күүгө келген. Келме-кезек, терме-тезек. Кезек Асылбек Жээнбековга келдиби? Муну күчөтүп жаткан күчтөр бир муштумга топтолгондой. А түгүл, аны көрсөтүп, көрсөтмө бергендер да бар. Ачыгын айтсак, он жылдан бери мурунку Ош УВДсынын башчысы Абдылда Капаров ага-инилердин күнөөсүн коюп берүү үчүн сотко берип келет. Ошондой эле, Атамбаевдин тарапташтары да жөн калбастан, Жээнбековдарды жөн койбой турганын билдирип келишүүдө. Асылбек Жээнковга карата ич ара жакын адамдары да сатышууда деген, кеп учу тарап жатканы да, жакын арада белгилүү болоору кулак кагыш болууда. Ушундай жагдайларды эске алып, агасы Сооронбай Жээнбеков жөн эле турган жеринен чыгып кетпестир. Жээнбековдорго чабуул башталды өңдөнөт. Бийликте кезинде, биз акпыз деген Жээнбековдар эми бийлик кеткенде тетирисинен кетип кара болуп чыга келеби. Атамбаевга кандай кинелери коюлса ошол эле кинелер Сооронбай Жээнбековга да коюлгудай. Себеби, Алмаз Атамбаев өлкө башы болуп турганда ал өкмөт башчы болуп турган. Күчүндөгү баш мыйзамдын негизинде өлкө башчыдан, өкмөт башчы жоопкерчилик тартып келет. Ушундай караганда Соке көп ишке жоопкер болгон. Сокенин президенттик кезинде, баарын Асылбек башкарып жатат деген кептер кеткен. Эми ушунун чындык төгүнү ачыкка чыккыдай.


автор: Баян

Бөлүшүү