2021-03-0818:46

“Кыргызнефтегаз” жетекчиси М.Турганбаев алдоо жолу менен жетекчи болгонбу... 

2021-02-10 13:39 481

“Кыргызнефтегаз” жетекчиси М.Турганбаев алдоо жолу менен жетекчи болгонбу... Жакында “Кыргызнефтегаз”ишканасынын акционери Т.Үмөталиева, “Р.Бостоновдун коргоо комитетинин” мүчөсү С.Орозалиев, юристтер В.Лисниченко, А.Шамшиевалар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровга кайрылуу менен, маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө, бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жетекчиси Мелис Турганбаев рейдерлик мыйзамсыз ээлеген кызматына отурган. Мыйзамсыз иштеринин негизинде жалпы чогуу иштешип жаткан коллективдин башын айландырып жаткандыгын билдиришкен. Ошол мезгилдерде “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жетекчиси Рашид Бостоновдун ооруп ооруканада жаткан жеринен Мелис Турганбаев жогорку жактагы Ак үйдөгү экинин бири болгон К.Тнын фамилиясын айтып, Р.Бостонов  арызын жазып берүүнү талап кылган. Эгер ал жазып бербесе “Кыргызнефтегаз” ишканасынын коллективинен кыйкым изилдеп, текшерип будуң-чаңын чыгарарын эскерткен. Рашид Бостонов чогуу иштешкен коллективдин тынчтыгын ойлоп, ооруп жаткан ооруканадан ватсап аркылуу арызын берүүгө аргасыз болот. Бирок, жазаардан мурун ватсапка жазылган арыз мыйзамсыз болоорун эскерткен. Ага карабай Мелис Турганбаев Ак үйдөгү үлкөң К.Тга  арызды көрсөтөөрүн айтат. Эгерде арызды жазып жибербесе, ага, аны менен иштешкендерге “көргүлүктү” көрсөтөөрүн айтып коркутканга өткөн. Жаны кыйналып ооруп жаткан Р.Бостонов өзү менен кошо эч кимди кыйнагысы келбей, кыйналып жаткан убагы.Ушундай окуяларга карабастан бүгүнкү күнгө чейин ооруп жаткан Р.Бостоновго куугундук жүрүп келет. Мындай коркутуу-үркүтүүлөр каяка барып токтойт. Юристтердин билдирүүсүндө, Бостоновдун өзүнүн оригинал  арызы жок, жалпы акционерлердин чогулушуна өзүнүн катышуусусуз кызматтан аны алуу мыйзамсыз экенин далилдешкен. Ал эми акционер Токтоайым Үмөталиеванын айтуусунда, “Кыргызнефтегаз” ишканасынын иш кагаздарында Бостоновдун арызы жок, аны больничныйда турган жеринен кызматынан бошотуп салышкан. Ошол эле учурда Бостоновду  куугунтук кылып 2020-жылдын ноябрь айында түрмөдө жаткан Хамданов аттуу жаранды тез арада түрмөдөн чыгарып, “Кыргызнефтегаз” ишканасын текшерүүгө аудит катары бийлик тарабынан жөнөтүлгөн. Учурда мыйзамдуу “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жетекчиси Р.Бостоновга анын ээлеген кызматын бербестен коркутуу-үркүтүү дагы эле уланып жатканын белгилеген. Акционер айымдын дагы бир билдирүүсүндө Рашид Бостонов мыйзам чегинде өзүнүн кызматына келип милдетин аткарыш керек, ага азыркы бийлик жардам берип, көмөк көрсөтүүсү зарыл.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү