2021-03-0817:33

Атам ач көздүгүнөн апамды өлтүрүп алган.

2021-02-10 15:59 681

Атам ач көздүгүнөн апамды өлтүрүп алган. “Мен кичинекей кезимде мындан жети жыл мурун, жашы кыркка чыга элек апам боор оорусунан, ичи шишип кетип каза болгон. Азыр чоңойгонсуп, жетилип калган кезимде көзүмө жаш алып ойлосом, апамды атам ач көз, дүйнөкор, диндик фанаттыгынан эле өлтүрүп салыптыр. Бир күнү атам бир жакка, “Жип” машинасын айдап көп чыгып кеткендиктен, апам комнатасында жалгыз болгондуктан жанына жатып калдым. Апамдын уйкусу келбей ары-бери оонап жаткандыктан, мен дагы бир нерсени сезгендей көпкө чейин уктай албай жаттым. Бир оокумда жаман түшүмдүн айынан чочуп ойгонуп кеттим. Онтологон үн кулагыма келип, бакыргандай болуп кетти. Байкасам, апам байкуш  “Кудайга” жалынып ыйлап жатыптыр. Күндүзү тынчсың, түнкүсүн жанымды аласың. Күндүзү оорутпайсың, бирок шайымды алып бастырбайсың деп, онтолоп жатты. Мен апамды чочутпайын деп, бери карап көзүмдөн жашым токтобой ыйлап жаттым. Оору менен алышкан апам, шурулдатып тарткан мурдума деле көңүл бөлгөн жок. Ал түн, ал түн болду. Болгон  окуяны китеп жазгандай болбой, ток этерин айтсам, атам Баргынбектин Бишкек шаарынын борборунда эки кабаттуу үйү, Элита деген үйлөрдөн экөө бар. Мына ушул үйүнүн бирөөсүн сатканга ыра көрбөй, апамдын боордон жасала турган операциясына акча төлөбөй, өлтүрүп алган. Азыр эч кимге айтпасам да, бугумду силердин редакциядан чыгаргым келди”-деп жазган бул армандуу кыздын көз жашын чыгарганга туура келди. Дагы жазып берем дегенине караганда кыздын айтаар сөзү көп окшойт.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү