2021-03-0818:18

Соке, Сакенин досу Раим соттон оңой-олтоң кутулду

2021-02-12 14:53 263

Соке, Сакенин досу Раим соттон оңой-олтоң кутулду. Ушундай билдирүүнү журналист Али ачык айтып чыкты. Анын айтуусунда, өлкө башчылар менен коюун-колтукташ болуп келген өлкө  жемкору Раим Матраимов Бишкек шаарынын 1-май сот залынан 260 миң сом төкмөкчү болуп, эркиндикке  таза абага чыгып кетти. Эми миллиардер-коррупционер Раим Матраимов өлкө ичинде кенен-кесир гана жүрбөстөн аба майданы менен учуп, чет өлкөгө да кенен сайрандай алат. Журналист Алинин пикиринде, бүгүнкү Садыр Жапаровдун бийлигинде, көпчүлүк көз салып турган өлкө жарандарынын бетине түкүргөндүк. Элдин көз салуусуна көз салбагандык болгон. Ошондой эле Раим, эки миллиард сом акча каражатын өлкөгө төгүп берип, миллиондогон доллар жашылбайдан кутулуп кеткен. Жемкорлор жемин жедирбей, бийликтегилерге жем чачып жүрө беришеби... Оорулуу ооруганына чыдабай аптекадан дары уурдап алса жети жылга соттолуп кеткен. Ал эми Раим көз көрүнө миллиарддаган акчаларды өлкө казынасына салбай капчыгына салып камырабай эркиндикте жүргөндүгүн да кеп салган.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү