2021-03-0818:52

Ау,ау акыйкатчы Токон Мамытовду көргөндөр барбы... 

2021-02-17 15:06 202

Ау,ау акыйкатчы Токон Мамытовду көргөндөр барбы... “Илгери, илгери, бар экен, жок экен, курсагы ток экен”-дегендей элдин акыйкаттуулугун милдет кылып алган, акыйкат башчысы Токон Мамытовду көргөн-билгендер болду бекен. Илгери бир көрдүк  эле, кийин ийинге кирип кеткенби, көрүнбөй калды. Эмнеге көрүнбөй жүрөт? Ушундай суроо-талаптар көптөн бери Акыйкатчыга карата чыгып жатат. Көрсө, эч кимге көрүнбөйүн деп акыйкатчы каякка кирип жамбаштап жатып алган. “Жамбаштап жатсаң сонунда”. Токон Мамытов мырзаны жер тыңшаар Мамыттар жер тыңшаса да, аны каякка кирип кеткени белгисиз, жер сыйпалап, сандарын чапчылап таппай жаткандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Өзгөчө “өзгөчөм” болгон акыйкатсыздык өкүм сүргөн учурда мындай акыйкатсыздыкты акыйкатчы өзү аткарбай жатса, Токон Мамытов аксакалдын өзүн сүрүп чыгарып салса болмок экен. Жанагы,  жогорку кеңештегилер маселесин карап маанчыркатпай көтөрүп чапса болбойт беле. Же чимкирик депутаттарга Токон Мамытов чимкирип салганбы...


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү